Сайт түзүлдү — эми эмне кылуу керек

← Артка

Беш кадам: сырсөздү алмаштыруу, аталыш менен сүрөттөмөнү жазуу, логотип коюу, меню түзүү, издөө тексттерин толтуруу.

  1. Кирип, убактылуу сырсөздү алмаштырыңыз. Кируу шилтемеси катта бар. Жаңы сайттагы сырсөз өзүнүкү: эгер сиз ошол эле почта дареги менен башка сайтты колдонуп жатсаңыз да, мындан ары сырсөздөр өз-өзүнчө жашайт.
  2. Сайттын аталышын жана сүрөттөмөсүн текшериңиз. Администратор менюсундагы «Жалпы жөндөөлөр» бөлүмү. Бул жерден өтмөктүн аталышы, баш жагындагы жазуу жана издөө натыйжалары үчүн беттин сүрөттөмөсү алынат.
  3. Логотип жана фавиконка коюңуз. Фавиконка — браузер өтмөгүндөгү кичинекей сүрөт; ансыз сайт бүтпөгөн көрүнөт.
  4. Меню түзүңүз. «Сайттын түзүлүшү» бөлүмү: керектүү беттерди кошуңуз, ашыкчаларын алып салыңыз, тартибин белгилеңиз.
  5. Издөө тексттерин толтуруңуз. Ар бир бөлүмдүн SEO-аталышы жана сүрөттөмөсү бар; аларды бүт сайт боюнча ИИ аркылуу бир заматта толтурса болот.

Калгандары — формалар, каталог, тилдер — керек болгон сайын кошулат жана сайттын ишине таасир этпейт.

Макала жардам бердиби?

Дагы караңыз